Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы баардык мечит имамдары үчүн бир нече багытта сынак жарыялады

Жалал-Абад шаардык хатибияты шаардагы баардык мечит имамдары үчүн сынак жарыялады. Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев сынак 5 багытта болоорун белгиледи. Анда имамдар итаат (баш ийүү) маселеси, мечиттин ички жана сырткы тазалыгы, имамдардын ирээттүү формада жүрүүсү, жамааттар менен иш алып баруусу, эң башкысы имамдардын 5 убак намазга катышуусу каралат.

“Сынак боюнча Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте атайын комиссия түзүлгөн. Сынактын мөөнөтү эки ай деп белгиленди. Комиссиянын жыйынтыгы менен мыкты деп табылган мечит имамдары Кыргызстандын каалаган жеринде, ал эмес, коңшу Өзбекстанга чейин барып 5 күн акысыз эс алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”,-деди баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында бардыгы болуп 42 мечит бар. Алардын 16 сы жума окулуучу мечиттер.