Ноокен районунун борбордук мечитине “Бухара” стилиндеги дарбаза курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы борбордук “Нур” жума мечитине “Бухара” стилиндеги жаңы дарбаза курулууда. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун айтымында курулуштун жалпы баасы бир жарым миллион сомду түзөт. Каржылык колдоо Ноокен районунун тургуну Кабылжан Умаровдордун үй-бүлөсү тарабынан колго алынып, курулушка жергиликтүү усталар тартылган. Дарбазанын курулушу  сентябрь айынын соңуна аяктамакчы. Райондун баш имам-хатиби келечекте райондук хатибияттын башкы кеңсеси да дал ушул борбордук мечиттин короосуна куруларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, аталган мечитке жалпысынан үч миң киши батат. Учурда мечиттин короосу тазаланып, ички-сырткы абалы оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.