Абсаттар ажы Эркинбеков: Улуттук нарк-улуттун жүзү

Майлуу-Суу шаарынын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков  Борбордук Азия колледжинин студенттери менен жолугушуу болуп, аларга «Улуттук нарк-улуттун жүзү» деген темада баяндама жасады.  Абсаттар ажы Эркинбеков студенттерге кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук оюндары жөнүндө кенен айтып берди.

«Акыркы кездери аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкерчиликке жол берген учурлар көп. Ошондуктан ар түрдүү тойлордогу ырксыз чыгымдарды салтка байлабашыбыз керек. Бул боюнча өлкө башчысы С. Жапаровдун №54 жарлыгын эске алып, эл арасында түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп жатат. Келечек сиздердин колдо болгондуктан элибиздин каада-салтын, үрп-адаттарыбызды үйрөнө жүргүлө! Муну менен карат жаштар билимдүү болуш керек. IT тармагынан тарта дүйнөлүк илимдерди, медицинаны да эң мыкты өздөштүргөн муундардан болууңарга тилектешмин»,-деди баш имам-хатиб.