Өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине сабактарды инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн жолдору окутула баштады

Өлкөдөгү диний окуу жайлардын жетекчилерине сабактарды инновациялык жана интерактивдик ыкма менен өтүүнүн жолдору окутула баштады

Бүгүн, 5-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында диний окуу жайлардын дараметин көтөрүү,  мугалимдердин педагогикалык, методикалык чеберчилигин арттыруу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарындагы окуу жайлардын мүдүрлөрүнө семинар-тренинг өтүүдө. Семинар Азирети муфтий Абулазиз кары Закиров тарабынан демилгеленип, өлкө аймагы боюнча окутулмакчы.

“Ар бир диний окуу жайдын окуу бөлүм башчылары, иш кагаздар менен алектенүүчү кызматкерлерге семинар-тренинг уюштурулуп жатат. Диний окуу жайлардын жетекчилерине экзамен, зачётту жүргүзүү, журналдарды толтуруу, сабакты инновациялык жана интерактивдик ыкма менен (метод менен) өтүүнүн жолдору окутулуп жатат”,-деди КМДБнын Референт жана жалпы бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.