Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби аймактардагы мечиттердин шартын жакшыртуу максатында чукул жыйын өткөрдү

Кечээ, 4-июнь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу жооптуу имамдарга жыйын өткөрүп, облус казысынын тапшырмасына ылайык айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу максатында  тиешелүү чарбалык иштерди уюштуруу керектигин белгиледи.

«Мечитте ибадат кылуу үчүн баардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттенели. Эски дааратканаларды жаңылоо убактысы келди. Мүмкүнчүлүктүн болушунча жаңы мечит куруудан мурун, эски мечиттерди жаңылап чыгуу керек. Айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу үчүн жергиликтүү жамаатын колдоосун пайдалануубуз зарыл «— деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев райондун баш имам-хатибдерине өткөргөн жыйынында айылдык мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча бир канча критерийлердин негизинде конкурс уюштуруу чечимин кабыл алган. Ошондой эле ар бир райондон абалы эң төмөн болгон бир мечитти тандап алып, шартын жакшыртуу жоопкерчилиги баш имам-хатибдерге тапшырылган.