Ажылык – 2024: Бишкек шаарынан 430 жаран ажылык амалдарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп кетти

 

Бүгүн, 7-июнь күнү ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Манас эл аралык аэропортунан учуп кетишти. Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим Рооди аль Рооди жана ажылыкты уюштуруу боюнча штабынын мүчөлөрү катышты.

Ажыларды узатуу саамалыгында катышуучулар сөз сүйлөп, ажылык ибадатын аткарууда Алла Тааланын жеңилдик берүүсүн тилеп дуба кылышты.

«Учурда Ош-Медина, Ош-Жидда багыты боюнча учуп кеткен 3000 жараныбыз ыйык жайларга аман-эсен барышты. Ал эми Бишкек шаарынан бүгүн алгачкы каттам учуп жатат. Эң акыркы каттам 10-июнда аткарылат»,-деди Азирети муфтий.

Ал эми КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров ажылыктын шарттарын жакшыртууда мекемелер аралык комиссия бардык күчүн жумшап жаткандыгын айтып, мекендештерибизге ак жол каалады.