Жалал-Абадда “Имам Аль-Бухарий” атындагы борбордук мечиттин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков шаардагы “Имам Аль-Бухарий” атындагы борбордук жума мечиттинин курулушунан кабар алды.

Облус казысы мечитти куруу ишин колго алган “Эл тилеги” кайрымдуулук фондуна жана курулушчуларга момун пенделердин бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткенден кийин да жакшы амалы, сообтуу иштери катары анын артынан үзгүлтүксүз жетип тура турганы, курган мечити экендигин билдирди.

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде: “Ким кекиликтин уясындай мечит курса, ал инсан үчүн Алла Таала бейиште бир касыр куруп коёт”. ( Ал- хадис)” – деген. Сиздердин жасап жаткан ишиңиздер бул дүйнө үчүн эле эмес, акырет үчүн да маанилүү. Фонддун аты өзү айтып тургандай “Эл тилеги”! Буйруса бул мечит элдин тилеги жана көксөөсү менен курулуп жатат. Жараткан сиз менен бизди ушул мечиттин курулушуна себепчи кылды. Аылышында да чогуу болууну насип этсин”, – деди облус казысы.

Эске салсак, шаардагы “Имам Аль-Бухарий” атындагы борбордук жума мечитинин ишмердүүлүгү ушул жылдын 17-майынан тарта токтотулган. Жаңы мечиттин курулушу “Эл тилеги” кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылат. Мечиттин жалпы аянты 17365,5 м2 болуп, курулуштун мөөнөтү 2 жыл 4 ай деп белгиленген. Мында 10 000 миң адамга ылайыкташкан мечит, жер асты жана үстүндө атайын унаа токтоочу жай, аялдар үчүн да шарттар каралган.