Жалал-Абад шаардык хатибияты ата-эне мээримине муктаж 120 балага жана Куран жаттап жаткан 40 кызга майрамдык маанай тартуулады

Жалал-Абад шаардык хатибиятынын демилгеси менен ата-эне мээримине муктаж 120 балага жана  Куран жаттап, медреседе таалим алган 40 кызга майрамдык маанай тартууланды. Саамалык шаардагы “Жеңиш” эс алуу багында  өтүп, акысыз оюн-зооктор уюштурулуп, сый тамактар берилди.

“Бала жылмайса аалам жылмаят, ар бир балага майрамдык шаң  менен бирге, балдардын жан дүйнөсүнө гүл азык тартуулоо башкы максат эле.  Ал эми мындай пайдалуу көз ирмемдер ар бир баланын эс тутумунда жакшы элестер менен калаары бышык. Ошондуктан демөөрчүлөрдү тартуу менен 120 жардамга муктаж балага жана  Куран жаттап, медреседе таалим алган 40кызга майрамдык маанай тартууладык. Биздин демилгени колдоого алган демөөрчүлөрдөн Алла Таалам ыраазы болсун!”, – деди Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Мелсбек ажы Тургунбаев.

Эске салсак, демилге Жалал-Абад шаардык хатибияты тарабынан көтөрүлүп, областтык казыят шаардык мэрия менен биргеликте ишке ашырылган.