Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы диний окуу жайлардын мугалимдерине билим берүү методикасынын жаңы ыкмалары окутулду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар Хаджибеков Ош облусу жана Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайлардын иш кагаздарын бирдиктүү иретке келтирүү максатында мугалимдерге семинар-тренинг өттү.

Аталган семинар-тренингде Абдиназар Хаджибеков алгач диний окуу жайлардын журналдарын жана иш кагаздарын карап чыгып, бир катар толуктоолорду киргизди.

«Өлкөдөгү диний окуу жайлар үчүн атайын журнал иштеп чыгуудабыз.   Анткени шариат илимин окуп жаткандар менен Куран жаттоо багытындагы студенттерге өзүнчө журнал иштелип чыгуусу  бир топ ыңгайлуулуктарды жаратат деп ишенебиз. Ошондой эле экзамен-зачетторду жүргүзүүдөгү эрежелер боюнча да тиешелүү маселелерди жакшылап түшүнүп алуу керек. Алла Тааланын ыраазылыгын табуу үчүн талыкпай эмгектенип жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Окутуп жаткан ар бир студентиңиздер, эл-журтка пайдасы тийген мыкты адис болуп чыксын»,- деди Абдиназар Хаджибеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө лектор Абдиназар Хаджибеков сабак өтүү методикалары, студенттердин кругозорун кеңейтүү жана эл менен иштешүүгө үйрөтүү маселелерин да камтып өттү.

Эскерте кетсек, ушундай эле иш-чара Баткен жана Жалал-Абад облустарында дагы өткөрүлдү.