Мелисбек ажы Тургунбаев: Ата-эне баласы үчүн жооптуу экендигин унутпаса!

Жаштарга  диний сабак берүү ата-энесинин уруксаты жана тыкыр көзөмөлүнүн алдында окутулушу баарыбыз үчүн ыңгайлуу болот. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууга Жалал-Аабад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек  Тургунбаев, Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башчысы Кубанычбек Шерматов, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сагындык Каратаев, Курманбек аймактык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Алдосова жана жашоочулар, студенттер катышты.

Иш-чаранын максаты жаштар арасында кылмыштуулукту азайтуу, туура эмес диний агымдарга азгырылбоо, экстремизм-терроризмге жол бербөө, ата-энени урматтоо, сыйлоо, улуттар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштарды терс көрүнүштөрдө алыстатуу болуп саналат.

«Ата-эне баласы үчүн жооптуу экендигин унутпаса. Балдарда диний жаатта суроо пайда болсо расмий дин кызматкерлерине кайрылууну үйрөтөлү жана өзүбүз дагы жардам берели. Азыр технология өнүккөн мезгилде телефон аркылуу деле туура эмес маалыматтарды алып, кийин экстремизм-терроризмдин кылтагына илинип калышы мүмкүн. Андыктан балдардын досун, катташтарын, эмне билим алып жаткандыгын көзөмөлдөйлү»,-деди Мелисбек ажы Тургунбаев.