Баткен облусунан 644 жаран ажылык амалдарын өтөө үчүн ыйык жайларга жөнөп кетишти

Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды  узатуу саамалыгына  КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров,  район акимдери жана шаар мэри  катышты.

Облус жетекчиси болочок ажыларды мекендин тычтыгы, өнүгүүсү жана элдин бакубат жашоосу үчүн дуба кылууга чакырса, облус казысы ажылыкты шарият көрсөткөн тартипте аткарып, ажы башчылардын аткандарына кулак салууга үндөдү.

“Ажылыкка сапар алган Баткен облусунун тургундары  Ош эл аралык аэропортунан  Ош-Жидда жана Ош-Мадина багыттары боюнча учушат. Бул жылы Баткен облусунан 644  адам ажылык сапарына аттанды. Аларды 16 ажы башчы коштоп барат”,-деди Нуридин ажы Мамасабиров.