Жалал-Абад шаардык хатибияты №704-аскер бөлүгүн зыярат кылып, жоокерлерге мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуунун баркы туурасында баяндама жасашты

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасындагы  №704-аскер бөлүгүн зыярат кылып, жоокерлерге мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуунун баркы, диний экстремизм-терроризм, аракечтик, ата-энени урматтоо, сыйлоо, улуттар арасындагы ынтымак, достук жана туура эмес агымдарга азгырылбоо темасында баяндама жасады.

Элибиздин тынчтыгы үчүн мекен чегинде чеп болгон аскерлерге Аллаяр ажы Мадалиев ак батасын берип, мекен үчүн өмүрүн, кызматын арнаган күч түзүмүнүн жалпы кызматкерлери, жоокерлерге кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

“Сиздер бар жалпы кыргыз эли, ата-эне бир туугандарыңар, биз тынчтыкта жашап келебиз. Кудайым өзү колдоп, өлкөбүз өнүккөн, өскөн, өлкөлөрдүн катарын толуктай берсин. Кудайга шүгүр айталы, өлкө башчыларынын аракети менен бир топ ийгиликтүү иштер жасалып жатат. Сиздерге да мамлекет тараптан жетиштүү көңүл бурулууда. Ушул жакшылыктардын баарын Аллахым өзүбүзгө кут кылсын. Мекен, эл, жер үчүн талыкпай ак дилден кызмат кыла бергиле. Биз сиздерге дайыма дуба кылып, Жараткандан амандыгыңыздарды тилеп келебиз” , – деди Аллаяр ажы Мадалиев.