Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандык ажылардан кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мекке шаарындагы ажылык амалдарын аткарууга белсенип жаткан кыргызстандык ажылардан кабар алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий ажылардын ден соолугун, маанайларын, даярдыгын сурап, алдыда улуу ибадатты орундатууну күтүп жаткан зыяратчыларга кооз сабыр, зор кайрат, бекем руханий даярдык каалады:
«Сиздер 7 миллион калкыбыздын ичинен тандалып, ыйык жерлерге келип олтурасыздар. Бул жерлерди Алла Таала өзү ыйык деп белгилеген. Андыктан момун-мусулман үчүн ажылыкка келүү – бакыт, кубаныч, нээмат. Анын кадырын билип, бул күндөрдү мүмкүн болушунча ибадат жана дуба менен өткөрүүгө аракет кылыңыздар. Эл-журтубуз үчүн, мекенибиз үчүн, үммөт үчүн, жалпы эле планетабыз үчүн дуба кылыңыздар».
Азирети Муфтий өз сөзүндө ажылык ибадатынын өзгөчөлүгү, касиет-шапапаты боюнча токтолуп, жалпы зыяратчылардын ибадатынын кабыл болуусун Жараткандан тиледи.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында ажылык боюнча өтө турган симпозиумга катышуу үчүн келген.