Азирети Муфтий Меккеде өтүп жаткан ажылык симпозиумуна катышты

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан XLVIII Чоң ажылык симпозиуму уюштурулду.
Иш-чарага мусулман өлкөлөрдүн муфтийлери, белгилүү дин аалымдары, дин ишмерлери, Кыргызстандын атынан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Самидин кары Атабаев баштаган делегация катышты.
Ажылык симпозиуму Куран-и Карим менен башталып, Падыша саламы менен коштолду. Ага улай САПтын ажылык министри доктор Тауфик ар-Рабиъанын куттуктоо сөзү жаңырып, Ажылык симпозиумунун визуалдык презентациясы жасалды.
Презентациядан соң САП муфтийинин куттук сөзү угулуп, Ислам илимдер лигасынын башкы катчысы ажылык боюнча жалпы маселелерге токтолду.
Эки бөлүктөн турган саамалыктын негизги бөлүгүндө Ажылыктагы укуктук, фикх лицензиялары; Укуктук жана анын ажылык жол-жобосун жеңилдетүүгө тийгизген таасири; Ажылык: инклюзивдик жарандыкты жайылтуу жана көпүрөлөрдү куруу боюнча баяндамалар жасалды.
Ал эми 2-бөлүктө диалог сессиясы: көрсөтмөлөрдү жана эрежелерди сактоо менен коопсуз ажылык; Минхаж көрсөтмөсү: Калыбына келүүчү ажылык чөйрөдө ийкемдүү мамиле; Падышалыктын ажылык иштерин жеңилдетүү боюнча уюштуруу аракеттери; аль-Харомайн жана келечектеги технологиялардын таасири секцияларында талкуулар өттү.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи симпозиум жогорку деңгээлде өткөнүн, ажылык иштеринин жеңилдетилиши жана жаңы талаптар боюнча талкуу уюштурулганын билдирди.
Иш-чара уюштуруу тобунун өнөктөштөрдү сыйлоосу менен салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.