Абдишүкүр ажы Нарматов Пакистандагы Диабет ассосациясынын секретары, Багай институтунун алдындагы Диабет жана эндокринология бөлүмүнүн директору менен жолукту

Кыргызстан Ислам Университетин Пакистан Ислам Республикасынын Диабет ассосациясынын секретары, Багай институтунун алдындагы Диабет жана эндокринология бөлүмүнүн директору, доктор Абдулбасыт зыярат кылып, КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Багай институтунун алдындагы Диабет жана эндокринология бөлүмүнүн директору 20 жылдан бери бул тармакта эмгектенип, кол алдында миңге чукул студент билим алып жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле ал сахар диабети негизинен көп тамактануудан жана аз кыймылдан улам келип чыгаарын айтып берди.

Муну менен катар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Пакистан Алымдар Кеңеши менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин ортосунда тажрыйба алмашуу маселелери каралып, доктор Абдулбасыт КИУнун ректорун Пакистанга илимий иш сапары менен келүүгө чакыры.

Эки татаптуу жолугушууга Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Аалымдар Кеңешинин торагасынын орун басары Марс ажы Ибраев катышып, КИУну зыярат кылган конокторго ыраазычылыктарын билдиршти.