Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков облус аймагындагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн карап чыгуу максатында кыдырууларды баштады.
Алгач Кара-Суу районундагы «Муслима» медресесин зыярат кылып, андагы түзүлгөн шарттарын жана окуу программа менен тайпалык журналдарын текшерди.
«Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен облус аймагындагы диний окуу жайларды кыдырууну баштадык. Кыдыруу учурунда КМДБ тарабынан берилген окуу программасында көрсөтүлгөн диний адабияттар аркылуу гана сабак өтүлүүсү каралат. Анткени окутулуп жаткан диний адабияттар Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасынын негизинде болуусу керек. Ошону менен бирге жаңы окуу жылына карата КМДБ тарабынан өлкө боюнча жалпы ДОЖдорго берилген бирдиктүү тайпалык журналдарын колдонулуусун да карап, кемчиликтерин айтып түшүндүрүп жатабыз. Ошондой эле Азирети Муфтийдин ДОЖдордун имаратына камера орнотуу тапшырмасынын аткарылуусун да көзөмөлгө алуудабыз», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.