Жалал-Абад облусунун казысы казыят кызматкерлерине 2019-жылы конкреттүү иш пландарды түзүү талабын койду

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын эмгек жамааты 2019-жылга карата иш мерчемдерин, жылдык иш планын түзүү боюнча атайын жыйын өткөрдү.  Жыйын алкагында облус казысы Абдулазиз кары Закиров 2018-жылга саресеп салып, бир топ ийгиликтер менен кемчиликтерге токтолду. Андан соң, 2019-жылга карата план-программаларды, иш чаралардын графигин иштеп чыгуу жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген иш пландарды иш жүзүнө ашыруу, казыяттын ишин жандандыруу, жума мечиттердин имам хатибдеринин потенциалын, квалификациялык билим деңгээлин көтөрүү, жергиликтүү жамаат менен жолугушуу, мечиттердин тазалыгына, намаз убакыттарына көңүл буруу, дааватты КМДБ тарабынан бекитилген жобонун негизинде жүргүзүү, пенсия курагына жеткен дин  кызматкерлердин мыйзамдуулугун кароо жана дин кызматкерлери менен келишим түзүү сыяктуу маселелер талкууланды. Ал эми жыйындын соңунда тиешелүү бөлүмдөргө 2019-жылдын 1-кварталына карата иш мерчем түзүп, бекиттирүү тапшырмасы берилди.