Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлар арасында спорттун футбол, волейбол жана теннис түрүнөн мелдеш өткөрүлүп, ага 12 команда катышты.
Натыйжада төмөнкү диний окуу жайлар байгелүү орундарга ээ болушту:
Футбол боюнча:
1-орун – «Салман Фарсий» медресеси
2-орун – «Апиза эне» ислам институту
3-орун – «Умму Мухаммад» медресеси
Волейбол боюнча:
1-орун – «Молдо Таабалды ажы» медресеси
2-орун – «Абу Бакр Сыддык» медресеси
3-орун – «Абдыжапар» ислам институту
Стол теннис боюнча:
1-орун – «Умму Мухаммад» медресеси
2-орун – «Умму Мухаммад» медресеси
3-орун – «Абу Бакр Сыддык» медресеси
«Спорттук мелдештерди өткөрүүнүн максаты диний окуу жайлардын студенттери бири-бири менен жакындан таанышып, достук мамилелерин жана ынтымакты чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле, спорт менен машыгуу аркылуу ден соолукка кам көрүү экендиги баарыбызга маалым. Мелдеште жеңүү же жеңилүү маанилүү болбошу керек. Негизи максатыбыз достук мамилелерин бекемдөө болсун» – деди Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.
Айта кетсек, аталган мелдеш жыл сайын эки жолу өткөрүлүп, бул жолкусу «Молдо Таабалды ажы» медресеси тарабынан уюштурулду.