Жети-Өгүз районунда туура эмес диний агымдардын алдын алуу боюнча жыйын болду

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында тургундар жана жогорку класстын окуучулары катышкан жыйын өттү. Иш-чарада туура эмес диний агымдарга каршы күрөш, экстремизм жана терроризмге каршы иш-чаралар, ошондой эле илим-билимдин мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Алмазбек ажы Сагындыков, ошондой эле Түп, Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын баш имам-хатибдери катышты.

Катышуучулар туура эмес диний агымдардын коомго тийгизген терс таасири, экстремизм, терроризмдин коркунучтары жана анын алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат алышты. Мындай агымдардын кандайча адамдарды адаштырып, коомду бөлүп-жаруу жана стабилдүүлүктү бузуу максатында иш жүргүзөрү баса белгиленди. Бул агымдардын идеяларынын ислам динине таптакыр туура келбей турганы жана алардын ишмердүүлүгү мамлекеттин бүтүндүгүнө жана жарандардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурары айтылды.

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана башка имамдар ишенимдик суроолорго Курандан аяттарынан мисал келтирип, түшүнүктүү жана так жоопторду берди. Өзгөчө облус казысы туура эмес агымдардын ислам дини менен эч кандай байланышы жок экенин, алардын коомго жана адамдардын турмушуна тийгизген зыянын кеңири түшүндүрдү.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев социалдык тармактарда жана башка маалымат булактарында тараган маалыматтарды текшерүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, туура эмес маалыматтарды бөлүшүү жоопкерчиликке тартыларын түшүндүрдү. Ал ошондой эле Кыргызстанда расмий түрдө тыюу салынган 20 дан ашуун диний агымдардын, анын ичинде Хизб ут-Тахрир, Йакын Инкар жана башка агымдардын тизмесин көрсөтүп, алардын жаңылыш экенин айтып берди.

Иш-чара соңунда Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу жыйындын соңунда иш-чарага катышкан дин кызматкерлерине, жарандарга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ал мындай жолугушуулар коомду туура багыттоого жана тынчтыкты бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө тургундар жана окуучулар үчүн баалуу маалыматтар берилди жана экстремизм менен туура эмес диний агымдардын коркунучтарын түшүнүүдө маанилүү кадам ташталды.