Бүгүн, 4-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде Жалал-Абад, Баткен, Ош облустары жана Ош шаарындагы ажы башчыларга жыйын өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды.
Ажы башчыларга багытталган жыйында Азирети Муфтийдин орун басары, УРШнын төрагасы Жолдош ажы Абдылдаев баштаган ажылык бөлүмүнүн адистери Абдугаппар ажы Койчукулов, Абдулазиз ажы Туташбаев жана Самидин ажы Мамаев сөз сүйлөп, ажылык амалдарын аткарууда тиешелүү эрежелерди сактоого жана болочок ажыларга сабактарды уюштурууга чакырды.
«Болочок ажыларга сабактарды уюштуруп, ар бир нерсени кеңири түшүндүрүп бериңиздер. Ошондой эле, ажылардын тиешелүү документтерин толуктоо жана иретке келтирүүдө жоопкерчиликтүү болуу керек. Ажы башчы болуу менен сиздер да убактылуу республикалык штабдын бир мүчөсү сыяктуу кызмат көрсөтүп бериңиздер», – деди Жолдош ажы Абдылдаев.
Жыйындын жүрүшүндө ажы башчыларга сертификаттар тапшырылып, канча адамды жетектеп баруусу бөлүштүрүлдү.