Кечээ, 25-декабрда Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Тоң районунун администрация башчысы – акими Осмонов Бакытбек Арапбаевич менен жолугушту.
Самидин кары Атабаев акимияттын ишмердиги менен таанышып, райондун тургундары үчүн келечекте сабактар өткөрүү жана билим берүү иш-чараларын уюштуруу боюнча өз сунуштарын айтты. Жолугушуунун алкагында аким райондо жаңы курулган жыйындар залын жана жалпы акимиятты тааныштырды.
Тараптар райондогу калктын руханий жана адеп-ахлактык билим деңгээлин жогорулатуу, элдин биримдигин бекемдөө жана жаштарды туура жолго багыттоо үчүн биргелешкен иш-чараларды бекитүү боюнча макулдашышты.
Бул жолугушуу Тоң районунун тургундары үчүн маанилүү болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзмөкчү.