Баткен облусундагы Лейлек районунун Лейлек айылындагы Лейлек мечитинде жалпы байге фонду 150 миң сомду түзгөн Куран жарышы өткөрүлдү. Иш-чара мечит имамынын демилгеси менен уюштурулуп, ага Куран жаттаган 70тен ашуун жаш өспүрүмдөр катышты.
Жарыш жарым пара, 1 пара, 2 пара жана 3 пара боюнча өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар жана Лейлек районунун баш имам-хатибинин мактоо баракчалары тапшырылды. Ошондой эле ар бир катышуучуга баалуу белектер ыйгарылды.
Иш-чарага белгилүү карылар, Лейлек айылындагы тургундар, Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов жана хатибияттын катчысы Ибрахим Абдимиталип уулу катышышты.
«Бул жарыш аркылуу биз Куран жаттаган жаштарды колдоп, алардын билимге жана ыйманга болгон кызыгуусун арттырууну көздөдүк. Биз мындай жеткинчектер менен сыймыктанабыз жана иш-чараны уюштурууга колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», – деди мечит имамы Маратбек Кубатбек уулу.