Бүгүн, 27-декабрда Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Ак-Суу районунун Теплоключенка айылына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Самидин кары айыл тургундарына исламдын негизги баалуулуктары, биримдик жана ынтымак тууралуу сөз сүйлөп, алардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле айылдын тынчтыгы жана өнүгүүсүн тилеп, дуба кылып өттү.
Казы район акими Мунарбек Насиров жана айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаев менен жолугуп, алдыдагы пландалган иш-чараларды талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы коомдук жана диний иштер боюнча пикир алмашылып, биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйындын соңунда Самидин кары район акими Мунарбек Насировго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаевге чакан белектерди тапшырып, алардын жергиликтүү калкка кылып жаткан кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Бул иш-чара айыл тургундарынын руханий өнүгүүсүнө, жергиликтүү жетекчилер менен тыгыз кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп калмакчы.