Сокулуктун Чак-Көл айылынын жергиликтүү тургундары имамдын демилгеси менен айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты

Сокулук районундагы Чак-Көл айылынын имамы Кудаяр Мусаев  жергиликтүү эл  менен биргеликте айылдагы муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты.

«Айыл эли сунушубузду колдоп, муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүктөрдү тапшырдык. Айылыбыздын тургундарына ыраазычылык билдирем жана келечекте ушундай эле кайрымдуулуктарды жасап турууну максат кылдык»,-деди имам Кудаяр Мусаев.