Баткендеги «Нур» Куран жаттоо медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломдорун алышты

Баткендеги «Нур»  Куран жаттоо медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломдорун алышты
Баткендеги «Нур» Куран жаттоо медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломдорун алышты

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Баткен облусунун Баткен районундагы  2015-жылы окуу жылын баштаган “Нур” Куран жаттоо медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү  24-июнда дипломдорун алышты. Диплом тапшыруу аземине Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов жана дин кызматкерлери ошондой эле медресе студенттеринин ата- энелери катышты. Иш чара Куран окуу менен башталып, медресе студенттери тарабынан даярдалган таасирдүү көрүнүштөрдү тартууланды. Диплом тапшыруу учурунда облус казысы илимдин баалуулугу тууралуу аят, хадистерден айтып, бүтүрүүчү студеттерди элибиздин диний сабатуулугун жоюуда туура ислам баалулуктарын жеткирүүдө алган билимдерин таркатууга чакырды.

Бүтүрүүчү студенттер алган билимдерин амал кылуу менен башкаларга жеткирүү негизги милдетибиз деген пикирлерин билдирди. Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен  эки студент артыкчылыгы менен дипломунун ээси болду,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Иш чарага келген медресе студенттеринин ата-энелери балдарынын алган билим, тарбияларына ыраазы экендигин билдиришип, мугалимдерге ыраазычылыктарын айтышты.

 

Опубликовано Баткеном Казыяты Понедельник, 25 июня 2018 г.