Ажы башчылыкка аттанып, электрондук тизмеге катталган 259 талапкер 2-май күнү сынак тапшырышат (Суроолор)

2019-жылдын 2-май күнү таңкы саат 9:00до «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин имаратында ажы башчылыкка аттанып, электрондук тизмеге катталган 259 талапкер тест тапшырат. Ал эми тесттен ийгиликтүү өткөн талапкерлерге 3-4 май күндөрү Муфтияттын жыйындар залында баарлашуу сынагы болмокчу.

Ажы башчылыкка талапкерлерге берилүүчү болжолдуу суроолор:

  1. Мазхабты кармануу кандай амал?
  2. Акыйдада Ахли сүннөттү кайсы имамын карманабыз?.
  3. Халк, же коср амалын Мина өрөөнүндө аткаруу кандай амал?
  4. Даараты жок абалда таваф кылып койсо ажылыгы эмне болот?
  5. Аялдар ихрам учурунда айызы келип калса эмне кылат?
  6. Бир күндүк Ромий амалын толугу менен аткарбай койсо, же канча таш атыш керек болсо, анын көбүн атпаса, ал ажы эмне кылат?
  7. Нафил таваф амалын кантип аткарат?
  8. Мухрим мурутун кырса эмне болот
  9. Изтибаъ деген эмне?
  10. Диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзгөн жана дин жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоочу органдын атын атаңыз.
  11. Кандай пикирлерди камтыган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат?
  12. Кыргыз Республикасында диний адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматериалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу органды атаңыз.
  13. Жинаят маселесинде дам ваажиб болот деп айтылган жандыкты кайсыл жерде союш керек?
  14. Ихрамды байлаганда мийкаттын алдында гана байлаш керекпи же мийкатка жете элек байласа болобу?
  15. Ихрамды байлабастан мийкаттан өтүп кетсе эмне болот?
  16. Аялдар ихрамга киргенде тигилген кийим кийсе болобу?
  17. Тавафтан кийин окулуучу эки рекет намаздын өкүмү кандай?
  18. Тавафтан кийин окулуучу эки рекет намазда кошума сүрөгө кайсыл сүрөлөрдү окуу сүннөт?
  19. Сафа менен Марва тоолорунун ортосунда чуркабаса эмне болот?
  20. Харамдын дарактарынан мисвак жасап алса болобу
  21. Курбандыка кандай жандыктарды сойсо болот?
  22. Курбандыка союлган этти сойдурган адам өзү жесе болобу?
  23. Курбандыка союлган этти Харамда жашаган мискиндерге садака кылса болобу?
  24. Курбандыкты өз колу менен союш шартпы же шарт эмеспи?
  25. «Биз Даур Кудейдеги Якуббек мейманканасында турабыз. Бизди жеткизип коесузбу?.
  26. «Менин тобумда кырк тогуз ажы бар. Алардын жыйырмасы аял, жыйырма тогузу эркек. Ажылардын паспортторун кимге тапшырам». Которуп жазыңыз!
  27. «Мен Кыргызстандык ажы болом. Мен ажы башчымын. Менин бир ажым ооруп калды. Мага тез жардам керек. Биздин дарек Масфала району Якуббек мейманканасы. Телефонум 0555 556677». Ушул сүйлөмдү арапчага которуп жазыңыз!.
  28. Ажылык амалынын парздарын жазыңыз!
  29. Ажылыктын ваажиптерин жазыңыз.
  30. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу бийлиги кайсы?
  31. Жогорку кеңеш канча депутаттан турат?
  32. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин атаңыз.
  33. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин ким ишке ашырат?
  34. Судьялар кимге баш ийишет?
  35. Ажынын канча түрү бар. Аларды төмөндөгү боштука толтур.
  36. Ажылар нахр күнү Минага келгенде канча амал жасашат. Тартиби менен атап бер.
  37. «Мен Кыргызстандан болом. Атым Ахмад. Мен ушул топтун башчысымын. Мага № 25- мактаб керек. Ага кандай барсам болот». Туурасын танда.
  38. Качан «Баданах» (Бир уйду, же бир төөнү толугу менен курмандыкка чалуу) ваажип болот?
  39. Бойго жете электерге жинаят ваажип болобу?
  40. Жинаяттын жазасын качан аткарат?
  41. Жыпар жыттуу сурма иштетсе эмне важиб болот?
  42. Жыпар жыттуу сурманы эки жолудан көп иштетсе эмне важиб болот?
  43. Эч кандай жыты жок сурманы иштетсе болобу?
  44. Жыпар жыттуу нерселерди тамак – аш катары пайдаланса болобу?
  45. Жыттуу нерселерди ичсе болобу?
  46. Аял киши тигилген кийим кийсе болобу?
  47. Чачты кыруу же кырдыруу, кыскартуу же кыскарттыруу, жулуу же жулдуруу болобу?
  48. Мурутту кыруу, же кыскартуу менен эмне ваажиб болот?
  49. Ихрам абалында жүрүп, башка ихрам кийип жүргөн ажыкенин чачын алса анын жинаяты кандай?
  50. Ажылык амалын аткаруучу Муздалифага келгенде намазды жамаат менен эмес жалгыз окуса, шам менен куптан намаздарын кантип окуйт?
  51. Ихрамдан чыгуу үчүн чачын кайсыл жерде алдырыш керек?
  52. Эгерде чачын Харамдан сыртта алдырса эмне болот?
  53. Ихрамдан чыгуу үчүн өзүнүн чачын өзү алса эмне болот?
  54. Эгерде ихрамдагы адам, бир колунун беш манжасынын тырмактарын алып койсо эмне болот?
  55. Чачын кырдырган адамга эмне ваажиб болот?
  56. Ихрам абалда кумарлануу менен жубайына мамиле кылса эмне болот?
  57. Арафат майданында вукуф кылып бүтүп, чачын алдырып, Таваф Зыяратты кылуудан мурда жыныстык катнаш кылып койсо эмне болот?
  58. Ихрам абалында жүрүп да, харам чегинде жүрүп да үй айбанаттарын союп тамак кылып пайдаланууга тыйуу салынганбы?
  59. Кайсыл жаныбарларды өлтүрсө эч нерсе ваажиб эмес?
  60. Кайсыл чектерде аңчылык кылуу болбойт?
  61. Эгерде таваф кылып жаткан учурда, денеге, же кийимге нажасат жугуп калса эмне болот?
  62. Диний уюмдарга канча жаштагыларды тартууга жол берилбейт?
  63. Башка адамдардын эркиндигин жана укугун, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу максатында кайсы ченемдик укуктук актылар менен адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарына чектөө коюуга жол берилет?
  64. Боштукту толтуруңуз. Бир конфессиянын жолдоочуларын башкаларды жолдоого (прозелитизм) багытталган иш-аракетине ___________ салынат.
  65. Диний сабактарды билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде кандай тартипте берүүгө тыюу салынат?
  66. Курбандык чалаардан мурда чачын алдырса эмне болот?
  67. Эгерде курбандыкка төө союлса канча адам биригип сойсо болот?
  68. Ихрамдагы адам жуунса болобу?
  69. Тавафта Каабаны канча жолу айланат?
  70. Таваф кайсыл жерден башталат?
  71. Ажылыкка жөнөп баратып жолдон кайсыл бир себеп менен бара албай калган адамды эмне деп айтабыз?
  72. Тавафу Зияратты белгиленген күндөн кечиктирсе эмне болот?
  73. Кироон, Таматтуъ жана Ифраттын кимисинин сообу көбүрөөк?
  74. Мутаматтиъ өзү менен чогу курбанчылыгын алып барса болобу?
  75. Тавафу Кудумду дааратсыз аткарса өкүм кандай?
  76. Тавафу Кудумду жунуб абалда аткарса өкүм кандай?
  77. Мамлекет башчысы болуп ким саналат?
  78. Кыргыз Республикасында Президент канча жылга шайланат?
  79. Бир эле адам Президент болуп канча жолу шайлана алат?
  80. Боштуктарды толтуруңуз. Президент болуп ____ жаштан төмөн эмес жана ____ жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан ____ жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
  81. Тавафу зияратты дааратсыз аткарса өкүм кандай?
  82. Тавафу зияратты жунуб абалда аткарса өкүм кандай?
  83. Тавафу Садр (Видаъ) жунуб абалда аткарса өкүм кандай?
  84. Тавафу Садр (Видаъ) дааратсыз аткарса өкүм кандай?
  85. Ахлу сунна вал жамаат дегенге түшүнүк бер?
  86. Акыйдадагы эки чоң имамдардын аты-жөнү ким?
  87. Ханафи мазхабтагылар кайсы акыйданы карманышат?
  88. Мад муттасылды түшүндүрүп бер.
  89. Мад мунфазылды түшүндүрүп бер.
  90. Мад лаазымды түшүндүрүп бер.
  91. Мад аризды түшүндүрүп бер.
  92. Муржия, Кадария, Жибрия деген жамааттар ким?
  93. Тагдыр деген эмне?
  94. Тамгалардын чыга турган жайлары канчага бөлүнөт?
  95. Махраж деген эмне?
  96. Изхар деген эмне?
  97. Иклаб деген эмне жана аларда канча тамга бар?
  98. Сүкүндүү мим деген эмне жана канчага бөлүнөт, аларды ажыратып бер?
  99. Себеп мад деген эмне ал канчага бөлүнөт?
  100. Мад табыгыйды түшүндүрүп бер.
  101. Мад лин лаазымды түшүндүрүп бер.
  102. Мад лин аризды түшүндүрүп бер.
  103. “ро” канчага бөлүнөт кандай
  104. Орозо кармоо парзбы же важиппи ?
  105. «Лаа илааха иллаллох» келмесинин мааниси жана максаты эмне?
  106. Кайсы сүрөөдө «Алла» сөзү ар бир аятта келген?
  107. Курандан канча жерде сажда аяты келген?
  108. Аял киши азан айтса болобу ?
  109. Куран кайсы айда түшкөн?
  110. Куранда эң алгачкы түшкөн аят кайсы?
  111. Куранда канча Пайгамбардын аты аталган?
  112. Алла Таала менен сүйлөшкөн Пайгамбар (с.а.в) ким болгон?
  113. Куранда канча аят бар?
  114. Мухаммад (с.а.в) канча жашында Пайгамбар болгон?
  115. Эң көп жашагаган Пайгамбар (с.а.в) аты ким?
  116. Тоорот, Инжил, Забур, Куран кайсы Пайгамбарларга (с.а.в) берилген?
  117. Мухаммад (с.а.в) дын канча жубайы болгон?
  118. Куранда кайсы сүрөө «Бисмилла» менен башталбайт?
  119. Эң аз жашаган Пайгамбар ким болгон?
  120. Эң акыркы Пайгамбар аты ким?
  121. Куранда канча сүрөө бар?
  122. Мухаммад (с.а.в) качан төрөлгөн?
  123. Мухаммад (с.а.в) дын канча баласы болгон?
  124. Эң биринчи сахабанын аты ким?
  125. Жаштардан эң биринчи ыйман келтирген ким?
  126. Төрт Халифаны атап бер!
  127. Мухаммад (с.а.в) канча жашында дүйнөдөн кайткан?
  128. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын аты ким?
  129. Беш маал намазды сана ?
  130. Иса (а.с) канча жыл жашаган?
  131. Мухаммад (с.а.в)га Куран канча жылда түшкөн?
  132. Мухаммад (с.а.в) дын биринчи жубайынын аты ким?
  133. Бейишке кирип чыкпай койгон пайгамбардын аты ким ?
  134. Ит ичкен сууга даарат алса болобу ?
  135. Мухаммад (с.а.в) дын акыркы жубайынын аты ким?
  136. Фараондун кол астында чоңойгон пайгамбардын аты ким ?
  137. Абу Бакир (р.а) канча жыл халифа (башчы) болгон ?
  138. Умар (р.а) канча жыл халифа (башчы) болгон ?
  139. Фараондун аялынын аты ким ?
  140. Усман (р.а) канча жыл халифа (башчы) болгон ?
  141. Али р.а канча жыл халифа (башчы) болгон ?
  142. Эмне үчүн Усман (р.а) «Зиннурайн» деп аталып калган ?
  143. Эмне үчүн Абу Бакир р.а «Сыддык» деп аталып калган ?
  144. Пил окуясы качан болгон ?
  145. Пил окуясындагы Пилдин аты ким ?
  146. Даараттын сүннөттөрүн толук баяндап бергиле.
  147. Эң биринчи Азанды ким айткан ?
  148. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын кайсы органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыю салынган?
  149. Даараттын канча парзы бар аларды атап бергиле.
  150. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун атаңыз?
  151. Дааратты сындыруучу амалдар.
  152. Даараттын адептерин толук айтып бергиле
  153. Намаздын канча шарты бар жана алар кайсылар?
  154. Даараттын мустахабтары.
  155. Намаздын парздарын толук баяндап бергиле.
  156. Масыга масх тартуу өкүмдөрүн толук айтып бергиле.
  157. Терилердин өкүмдөрү жөнүндө айтып бергиле.
  158. Намаздын важиптерин санап бергиле.
  159. Кешиктер канчага бөлүнөт толук баяндап бергиле.
  160. Намазды бузуучу амалдар кайсылар?
  161. Кайсыл учурларда намаз окуу такыр мүмкүн эмес?
  162. Нафил намазын кайсыл учурларда окуу макрух?
  163. Кыбыланы табуунун шарттары кандай?
  164. Маасыга масхты канча мөөнөткө чейин тартууга болот, толук баянда.
  165. Беш маал намаздын убактыларын өз өзүнчө толук айтып бер.
  166. Качан адашуу саждасы аткарылат?
  167. Кунут дубасын окуу кайсыл амалга кирет?
  168. Аялдар намазы эркектердин намазынан кандайча айырмасы бар?
  169. Намазда макрух болгон амалдарды санап бергиле.
  170. Конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кайсы ченемдик укуктук актынын негизинде кабыл алынат?
  171. Кандай убакта гусул важиб болот?
  172. Кандай учурда таямум алууга уруксат берилет?.
  173. Оор нажасатка кайсылар кирет.
  174. Даараттын парздарын жана сүннөттөрүн толук баянда.
  175. Каза намаздар жөнүндө толук маалымат бергиле.
  176. Таравих намазы кандай намаз?
  177. Фикх илими жөнүндө маалымат бергиле.
  178. Даараттын парздарын жана сүннөттөрүн белгиле.
  179. Дааратты бузуучу нерселер кайсылар?
  180. Жеңил нажасаттарга кайсылар кирет?
  181. Маасыга масх тартуунун өкүмдөрүн белгиле.
  182. Хаиз жана нифастын өкүмдөрүн толуктап белгиле.
  183. Кандай терилер колдонууга берилет кандай терилер колдонууга берилбейт толук белгиле.
  184. Маасыга масх тартуунун өкүмдөрүн эмне.
  185. Абийир жана дин тутуу эркиндиги кимге кепилденет?
  186. Кудука нажасаттар түшсө кандай жолдор менен тазаланат.
  187. Кандай кишиге гусул алуу важиб болот?
  188. Истинжа кылуунун эрежелерин баяндап бер.
  189. «Даарат» деген сөздүн сөздүк жана шариат мааниси кандай?
  190. Даараттын канча парзы бар? Ага далил?
  191. Кыргызстандагы жашаган адам кайсы динди тутууга ээ?
  192. Суунун түрлөрүн кенен белгиле.
  193. Таямум кандай учурда, кимдер кандай сыпатта алышат?
  194. Үзүрлүү адамдар кимдер жана алар кандай даарат алышат?
  195. Хайиз жөнүндө маалымат жана ага далил келтир.
  196. Фикх илими эмнени үйрөтөт жана кандай пайда алдың?
  197. Гусул алуунун өкүмүн баяндап, парзын, сүннөтүн ажыратып бер.
  198. Даараттын парздарын жана даарат бузуучу себептерди белгиле.
  199. Кешиктер тууралуу кенен маалымат бер.
  200. Масыга масх тартуунун өкүмүн белгиле.
  201. Нажасаттар канча бөлүккө бөлүнөт алардын өкүмдөрү кандай, алар тууралуу туурасын белгиле.
  202. Кудука нажас түшсө кандай жол менен тазаланат?
  203. Фикх илими эмнени үйрөтөт жана кандай пайда алдың?
  204. Истинжа кылуунун өкүмү кандай болот?
  205. Аял киши ажыга барууда кандай шарттар табылуусу керек?
  206. Кыргыз Республикасынын борборун атаңыз?
  207. Мухрим киши кайсыл амалдарды жасаса болот жана кайсы нерселерди жасоодон тыю салынат.
  208. Ажылыктын түрлөрү канча, алар кайсылар? Алардын айырмачылыктары эмнеде?
  209. Ажылык кылуу кимдерге парз жана кандай шарттар бар.
  210. Курмандык чалууга кандай жандыктар жарайт жана кандай жандыктар жарабайт.
  211. Ихрам кийгенден кийин эмнелерди кылууга тыю салынат жана эмнелерди жасоого уруксат берилет?
  212. Гусул алуу кимдерге важиб болот?
  213. Масыга масх тартуунун өкүмдөрүн белгиле?
  214. Кешиктердин өкүмдөрүн белгиле?
  215. Эмнелердин терилери адал жана эмнелердин терилери арам кененирээк баяндап бер.
  216. Гусулдун өкүмдөрүн баянда.
  217. Кудука нажасат түшсө кандай жол менен тазаланат?
  218. Маасыга масх тартуунун өкүмдөрү эмне?
  219. Кыргыз Республикасында кайсы дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары алынган
  220. Даараттын сүннөттөрү кайсылар?
  221. Кешиктердин өкүмдөрү жөнүндө белгиле.
  222. Никенин сөздүк жана шариаттагы маанисин эмне.
  223. Никеленүү кандай абалда важип жана макрух болот?
  224. Кандай абалда нике дурус болот жана күбөлөргө болгон тийиштүү сыпаттар
    1. жана шарттар кайсылар?
  225. Кыргыз Республикасындагы эң жогорку юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актты белгилеңиз.
  226. Мутьа жана Муаккат никелерди баянда?
  227. Валилер кимдер жана канча түрдүү болот?
  228. Валилерге үйлөндүрүүдө кандай амалдар сүннөт болот?
  229. Махыр деген эмне?
  230. Качан мутьа берилет, качан махр толук жана жарым берилет?
  231. Никеленүү дурус болбогондор аят жана хадисте канча түргө бөлүнөт?
  232. Аялдардын укугу никеде каралабы?
  233. Эркектер аялдарына тең укуктуу кароосунда кандай өкүм бекилген.
  234. Никеде теңдике көңүл бурулабы? Канча нерсеге эсептелинет?
  235. Кандай сөздөр менен нике байланат?
  236. Никенин сөздүк жана шариаттагы маанисин белгиле.
  237. Кыргыз Республикасынын канча жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу?
  238. Муртад жана Мухажирлердин никесинин өкүмү кандай болот кандай
  239. учурда махрды такыр бербейт?
  240. Сүт эмүү өкүмүн шарттары.
  241. Аялдын сүтүн тамака аралаштырса же кыздын же эркектин сүтүн эмүүдө
  242. кандай өкүм берилет?
  1. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп ким саналат?
  2. Референдумда кандай маселелер коюлушу мүмкүн?
  3. Ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
  4. Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы мамлекеттик көзөмөлдөөчү орган болуп эсептелет?
  5. Боштукту толтуруңуз. Башка дин окууларын туткандарды өзүнүн динине киргизүүгө умтулуусу – бул ___.
  6. Боштукту толтуруңуз. Динге ишенгендердин диний муктаждыктарын канааттандырууга багытталган иш-аракет, диндерди жайылтуу, диний таалим-тарбия, кудайга табынуу иштерин, дуба кылуу жыйындарын өткөрүү, үгүт-насыят окуу, дин адистерин, дин кызматкерлерин окутуу, миссионерчилик, ошондой эле диний уюмдун табынуу ишин уюштуруучулук жана материалдык жактан камсыз кылууга багытталган дагы башка иш (диний адабиятты басып чыгаруу жана жайылтуу, табынуу буюмдарын жасоо жана жайылтуу, диний кызматчылар жана дин кызматкерлери үчүн тиешелүү кийим-кечек чыгаруу, дагы башка иш-аракеттер) – бул ____.
  7. Кыргыз Республикасында биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, каадаларды жана аземдерди өткөрүү, диндик агартуу жана өзүлөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмелери – эмне деп аталат?
  8. Исламда канча парз бар?.
  9. Жидда аркылуу ажыга баруучу ажылар кайсы жерден ихрам байлашат?.
  10. Эгер ажы Арафада тургандан кийин аялына жакындык кылып койсо, анын ажылыгы эмне болот?
  11. Арафатта туруу кандай амал?.
  12. Ажылык амалынын бир ваажибин үзүрсүз таштаса эмне болот?
  13. Микаттан ихрам байлабай Меккеге кирип кетсе эмне болот?
  14. Ихрам деген эмне?.
  15. Ажылыктын бир парзын аткарбай калса ажысы эмне болот?
  16. Нахр күнү ажылар эң алгач кайсы амалды аткарышат?
  17. Ажылар нахр күнү канча таш атуусу керек?.
  18. Муздалифада түнөө кандай амал?
  19. Кыргыз Республикасынын аймагында диний мүнөздөгү адабияттарды, басма, аудиовидеоматериалдарды кайсы жерде таркатууга тыюу салынат?
  20. Диний уюм кайсы мамлекеттик органдарга өзүнүн иш-аракети жөнүндө, жетекчи органдарынын персоналдык курамы жөнүндө, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышы жөнүндө жана бөлөк мүлктөрдү пайдалануу тууралу, анын ичинде эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан алынган мүлктөрдү пайдалануу жөнүндө отчеттор камтылган документтерди берүүгө милдеттүү?
  21. Ажы Арафа күнү Арафат тоосунун чегине жетпей калса, же Арафа тоосунда белгилүү бир мөөнөт турбай калса эмне кылат?.
  22. Ханафий мазхабына ылайык, КМ Аалымдар кеңешинин чечими боюнча, Арафатта Пешин менен Аср намаздарын кантип окуйт? (Эгер намира мечитинде чоң имамга убса).
  23. Ажы ихрамда туруп жыттуу атыр же самын колдонсо эмне болот?
  24. Тавафы зияратты аткаруу кандай амал?
  25. Сафа жана Марва тоолорунда чуркоо амалы кайдан башталат?
  26. Таматтуь же кыраан ажылыкты ниет кылган ажы курмандык чалууга кудурети жетпесе эмне кылат?
  27. Дааратсыз саъий амалын аткарса эмне болот?
  28. Вукуфу арафадан мурун аялына жакындык кылып койсо ажысы эмне болот?
  29. Ажылыктын парзын аткаруу үчүн Каабаны айланууну эмне деп атайбыз?
  30. Курмандык чалууга акчасы жок болсо ажы кандай амал кылат?
  31. Талбия деген эмне?
  32. Ажылар арафадан кийин кайда барышат?
  33. Ажылар кайсы күндөн баштап кайсы күнгө чейин тавафы зыярат кылыш керек?
  34. Медина аркылуу ажыга баруучу ажылар ихрамды кайсы жерден байлашат?
  35. Тафвиж деген эмне?
  36. Тавафтын бир канча түрлөрү бар. Тавафуль-кудум ажылар үчүн кандай амал?
  37. Тавафтын бир канча түрлөрү бар. Таувафул-видаь ажылар үчүн кандай амал?
  38. Ажылар муздалифага качан жөнөшөт?
  39. Зулхижжа айынын 9-күнү кайсыл амал аткарылат
  40. Ажылар курбандык чалуусу кандай амал?
  41. Курмандык чалууга өкүл болгон ажы башчы курмандыкты чалбай койсо эмне болот?
  42. Ажылардан курмандыкка деп курмандыктын баасынан ашыкча акча топтоп алса эмне болот?
  43. Кайсыл учурда таваф кылуу макрух?
  44. Ажы ихрам учурунда тигилген кийимди кийсе же башын жана жүзүн жарым күндөн ашса (12,5 саат) жабып жүрсө эмне айып төлөйт?
  45. Арафат майданында турууну ниет кылбастан вукуф кылса эмне болот?
  46. Эгер ажы чачынын же денесинин түктөрүн алса, же бир мүчөсүнө толук жыттуу атыр сүйкөсө ихрамдын шартын бузгандыгы үчүн эмне айып төлөйт?
  47. Эгер ажы аялын өөп койсо же шахват менен кармаса ихрамдын шартын бузгандыгы үчүн эмне айып төлөйт?.
  48. Төмөндөгүлөрдүн ичинен кайсылар диний уюм катары таанылат?
  49. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок кимдердин иш-аракетине жана иштешине тыюу салынат?
  50. Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын канчадан кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт?
  51. Тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн алардын борбордук бирдиктүү башкаруу органдары эмнелерди түзсө болот?
  52. Диний уюм же миссия кайсы документке ылайык иштейт?
  53. Сауд Аравия Падышачылыгынын аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик кимге жүктөлгөн?
  54. Эгер ажы денесинин кээбир түктөрүн же чачынын төрттөн биринче бөлүгүн алса, дененин кичине мүчөсүнө (кулак, мурун, бармак) аз өлчөмдө атыр коюп алса, тигиши бар кийимди же башын же бетин бир аз убакытка тосуп алса (12 сааттан 1 мүнүт жетпесе) ихрамдын шартын бузгандыгы үчүн жазасына эмне төлөйт?.
  55. Эгер ажы чегиртке, же бүргөнү өлтүрсө, же бир түк чачты үзсө эмне айып төлөп берет?
  56. Эгер ажы харамдын дарагын кессе, же харамдын жаныбарларына аңчылык кылса,
  57. же жапайы жаныбарларды сойсо ,же ага аңчыга ал кайсы жерде турганына белги берип аңчы аны уулап алса, ихрамдын шартын бузгандыгы үчүн эмне айып төлөйт?.
  58. Шайтанга таш аткан учурда, Жамра деп аталып жүргөн дубал сымал чоң устунга таш тийбей калса эмне болот?
  59. Кандай жаныбарларды союуга болот?
  60. Ихрамдагы кылмыштар. Кайсыл кылмыштарды аткарса 1 кой сою важип болот?
  61. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадиси: Ким_________________________ , анда ага менин шафаатым ваажип болот?
  62. Төмөнкүлөрдү толтуруңуз?
  63. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитинде канча адамдын сөөгү бар; жана алар кимдер?
  64. Курбандыкка союуш үчүн төөлөр канча жаштан болуш керек ?
  65. Кыраан ажылыгын ниет кылган киши тосулуп калса канча мал жөнөтүш керек?
  66. Ажылыктын сөздүктөгү мааниси кандай?
  67. Ажылыктын өкүмү кандай?
  68. Ден соолукта болуу,жолдун коопсуз болуусу,аялдарга тиешелүү махрамдын болуусу,иддада отурбаган болуусу керек.Жогорудагылар ажылыктын кайсы шартына кирет?
  69. Ажылыкка канча жолу баруу фарз?
  70. Мадина тараптан келгендер үчүн ихрамды кайсы жерден кийет?
  71. Эгер сырттан келүүчү киши микатта ихрамын кийбей өтүп кетсе анда ага…?
  72. Ким ихрамга кирүүнү кааласа ага ………….болот тырмак алуу,мурут кыскартуу,түктөрүнөн арылуу,даарат алуу,гусул алуу?
  73. Сафа Марваны чуркоого далил келтир?
  74. Арафа күнү Арафатта уктаган абалда,эсинен кеткен абалда,билбеген абалда ошол жерден өткөн болсо Арафатка турган болуп эсептелеби?
  75. Умранын шарыяттагы маанисин айтып бер?
  76. Умрада канча фарз бар?
  77. Умрада канча важип бар?
  78. Ажылык амалын аткарып жаткан адам Зулхижжанын 8нен 9уна караган күндөрү кайсы жерде болушат?
  79. Кайсы ажылык таматту ажылыгынан абзелирээк сооп жазылат?
  80. Ихрам кийиминин жаңысын кийүү кайсы иштерге кирет?
  81. Умраны арафат күнү,курбан айт күнү жана ташрих күнү аткарса эмне болот?
  82. Курбандыкка бериле турган уйлардын жашы канчада болуш керек?
  83. Эгер Меккеге бара жаткан малда сүтү толуп кала турган болсо өзү муктаж болбой туруп саап ичип алса эмне болот?
  84. Эгер койго жин кирип кеткен болсо,ал малды бакканга боло турган болсо курбандыкка жарайбы?
  85. Пайгамбарыбыздын (с.а.в)кабырын зыярат кылуу кандай ишке кирет?
  86. Өкүл ата, өкүл бала, аяш ата, аяш уул булар аял кишиге махрам боло алабы?
  87. Таваф видаъ амалынын убактысы качан башталат?
  88. Кайсыл тавафтан кийин эки рекет намаз окуу важиб болот?
  89. Мултазам деген эмне?
  90. Мадина шаарындагы «Риязул-Жаннах» деген жай кайсыл?
  91. Мутаматтиь ажы умраны аткаргандан кийин ихрамын эмне кылат?
  92. Арафат майданынан күн бата электе жөнөп кетсе эмне болот?
  93. Өмүрүндө канча ирет ажылык кылуу парз болуп саналат?
  94. Ажылык белгилүү убакта болот. Ошол белгилүү убакыттарды белгиле.
  95. Ажылыкты өтөөдө ажылыгы дурус болуусуна зарыл болгон шарттардын бирөөсү,белгилүү жерлер алар кайсы жерлер?
  96. Ажылыктын парздары канча.
  97. Талбияны көп айтуунун өкүмү кандай
  98. Таваф бүткөндө Макому Ибрахимдин артында 2 рекет намаз окуунун өкүмү кандай?
  99. Макому Ибрахимде окулган намаздын ниети кандай болот?
  100. Харам мечитиндеги номер 8  Салам эшигинен кирүүнүн өкүмү эмне?
  101. Ажылык кимге парз?
  102. Ихрамга кирүүнү каалаган адам үчүн тырмактарды, түктөрдү алуу,мурутту кыскартуу,даарат же гусул алуунун өкүмү ?
  103. Бакара сүрөсүнүн 158-аяты ажылыкты аткаруудагы амалдырдын кайсынысына далил болот ?
  104. Арафатта турган убакта Бешим намазы менен Шамдын ортосунда кайсы амалдар аткарылат?
  105. Арафат өрөөнүндөгү «Батну Ъурана» деген жерде туруунун өкүмү?
  106. Биринчи күнү шайтандарга таш атканы барганда кайсы амалды аткарып, кайсы шайтанга, канча таш атабыз?
  107. Амалдарды аткарып бүткөндөн кийин эркектерге чачын кыскартууга караганда кырдырып салуунун өкүмү?
  108. Арафа күнү Арафатта уктаган абалда же билбеген абалда  ошол жерден өткөн болсо, Арафатта туруу парзынан  кутулган болуп эсептелеби?
  109. Таматтуъ ажылыгыгын сөздүкдөгү мааниси?
  110. Ажылыктын канча түрү бар?
  111. Таматтуъ ажылыгын аткаруучу киши курмандык чалууга акча таппаса эмне кылат?
  112. Ажылыкка байланыштуу кылмыштар канчага бөлүнөт?
  113. Шариятта бадал ажы кылууга уруксаты?
  114. Ажылыкка барууда Меккеликтердин мийкаты кайсы жер?
  115. Сырттан келүүчүлөргө Таввафу Кудумду аткаруунун өкүмү?
  116. Ажылыктын өкүмү?
  117. Макому Ибрахимдин артында 2 рекет шүгүр намазы окулган соң зам-зам суу ичүүнүн өкүмү эмне?
  118. Коштошуу таввафын жасап жатканда алгачкы 3 айлануусун балбан басыш менен басабызбы жана Сафа Марвага чыгабызбы?
  119. Коштошуу таввафынын өкүмү?
  120. Арафа күнү ,Курбан айт күнү,ташрих күндөрү умра кылу…?
  121. Бал аары зыяндуу жаныбарларга киреби жана аны өлтүрсө болобу?
  122. Эгер бир колунун же бир бутунун толук тырмагын алса штрафтын кандай түрү Ваажип болот?
  123. 3 шайтанга таш   атууда  1 ташты  атпай калтырып койсо кайсы штрафтын турун төлөйт?
  124. Ажылыктын парздары: Арафатта туруу, ихрам кийүү … .?
  125. Ажылыкка барган адамдар Мекке шаарына кечинде кирип барышса эмне кылышат?
  126. Сафа Марвада чуркоону кайсыл тараптан баштайбыз?
  127. Меккеликтер эмес сырттан келүүчүлөргө Коштошуу тауафын аткаруунун өкүмү?
  128. Ихрамга кирүү жайлары канча?
  129. Бир жолу ажылыкты аткарып келген адамдын кийинки жылы да кудурети жетип турса анын моюнуна ажылык парзы жүктөлөбү?
  130. Ихрамды үйүнөн кийип чыккан адам миикаттан өтүп кетсе … .?
  131. 9-зулхижжада Арафатта тура албаган адамдар . . . чейин  турса ажылыгы өтөт?
  132. Ихрамга кирген адамдарга ажылыкта «Тырмактарын алуусу» кандай иштерге кирет?
  133. Аялдардын Сафа Марвада эки жашыл белгинин ортосунда чуркоосунун өкүмү?
  134. Күйөөсү ажылыкка баруудан баш тартса аялы башка махрам таап куйоосунун уруксатысыз ажылыкка кетип калса … .?
  135. Курмандыкка союлуучу малдын куйругунун үчтөн эки бөлүгү кесилген болсо  … .?
  136. Пайгамбарыбызды (с.а.в) зыярат кылуунун өкүмү?
  137. Ажылыкта курбандык кылынган малдын этинен жегенге болобу?
  138. Коштошуу тавафын себепсиз аткарбаган болсо …?
  139. Кылмыштар канчага бөлүнөт?
  140. Эгер харам жеринде этин жегенге боло турган жапайы жандыктарды ихрамдагы адам сойгон болсо,ал жандыктын өкүмү кандай болот?
  141. Шайтанга Биринчи ташты атууда талбияны  … .?
  142. Муздалифада кайсы намаздарды бириктирип окуйбуз?
  143. Умранын өкүмү?
  144. Эгер ихрамчан киши чачынын төрттөн бир бөлүгүнө жетпеген жерин алдырып салса эмне кылат?
  145. Эгер ихрамчан киши 3 чегирткени олтуруп койсо … .?
  146. Ихрамчан киши төмөнкү жандыктарды өлтүрсө штраф төлөбөйт. Алар кайсылар?
  147. Ажылыктан тосулуп калган адамдын жөнөткөн койун Курбан айттан алдын сойсо болобу?
  148. Курбандыкка союлуучу жандыктарга кайсылар кирбейт?
  149. 1 уйду канча адам биригип сойсо болот?
  150. Мүйүзү жок малдар курмандыкка жарайбы?
  151. Бирөөнүн ордуна ажылыкка барган адам тосулуп калса союлуучу малдын акчасын ким төлөйт?
  152. Ихрамчан киши толук бир мүчөгө жеткен жерине жыпар жыттуу нерселерди колдонгон болсо … важип болот?
  153. Ажылыкка Курандан далил?
  154. Ажылыкка барууга важип болуу себеби эмне ?
  155. Кулдун ажылыкка баруусуна өкүмү кандай?
  156. Күйөсү өлүп калган аялдын иддасы бүтө электе махрамы бар туруп ажылыкка барса болобу?
  157. Эгер сырттан келүүчү киши жайды (мийкатты) ихрамын кийбей өтүп кетсе, анда ага______________болот. Ал эми ошол границадан өтүп кеткен киши кайра кайтып барып башынан ихрамга кирсе ниет кылуу менен аттальбия айтып____________.
  158. Ихрамды кийүү, Арафатта туруу, Сафа менен Марваны 7жолу чуркоо; булардын өкүмдөрү бирдейби?
  159. Курбан айттын биринчи күнүндө _______ таш атылат. Экичи күнүндө______________ таш атылат. Толтуруңуз.
  160. Кудум тавафын кылуу кимдер үчүн, жана анын өкүмү?
  161. Ихрамдан алдын атыр,крем, колдонсо болобу ; өкүмү кандай?
  162. Ажылыкта адамдарга зыян келтирбөө __________, кара ташты өбүү______?
  163. Мина өрөөнүнө кайсы айдын канчанчысында чыгуу керек?
  164. Курбандык союлгандан кийин эркектер чачын кыскарткандан кийин(же кырдыргандан кийин) же аялдар чачын кыскарткандан кийин ихрамды чечеби, эгерде чечсе эмнелерди кылса же колдонсо болот?
  165. Умрада канча фарз бар?
  166. Аль Ифрод ажылыктын түрү кимдер үчүн?
  167. Аль Кыраан ажылыктын шарияттык мааниси?
  168. Харам жерге байланыштуу кылмаштарды аткарса, дарактарды же өсүмдүктөрдү жулган же кырккан болсо эмне төлөйт?
  169. Ихрамга байланыштуу кылмыштын түрү; бул ишти аткаруу менен жалпы толук ажыллыгы бузулат аны кой сою менен орозо тутуу менен же садака берүү менен оңдогонго болбойт?
  170. Ажылыктагы кылмыштар канчага бөлүнөт?
  171. Ажылыкка жөнөп жаткан адамдын тосулуп калуусу деген эмне?
  172. Төмөнкүнү толтуруңуз?
  173. Кайсы жаныбарлар курбандыкка жарайт?
  174. 7киши акча чогултуп 1жаныбарды курбандык кылса болобу? Эгер болсо кайсы жаныбарбарды?