Балыкчы шаардык хатибияты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биргеликте муктаж 100 үй-бүлөгө 174 миң сомдук азык-түлүк таратты

Балыкчы шаардык  хатибияты демөөрчүлөрдүн көмөгү менен биргеликте шаардагы  жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө тамак-аш түрүндө жардам көрсөттү.

Бул күнү ар бир үй-бүлөгө ун, кесме, кумшекер, күрүч, суу май сыяктуу азыктар таратылып, жалпысынан 174 000 сом сарпталган.

“Кайрымдуулук иш-чара ыйык Рамазан айына карата уюштурулуп,  жакшылыктын айында колубуздан келишинче жардам бердик”,-деди Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов.