«Гүлзар» балдар үйүнөн Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге кат жазган 14 жаштагы Хадичанын кыялы орундалды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев «Гүлзар» балдар үйүндө тарбияланып жаткан 14 жаштагы Жунус кызы Хадичанын көптөн күткөн кыялын орундатты. Жолугушуу учурунда Жунус кызы Хадича Азирети Муфтийге арнаган белегин тапшырып, өзүнүн келечектеги кыялдарын айтып берди.

Ал эми Азирети Муфтий «Гүлзар» балдар үйү туурасында маалымат алып, Жунус кызы Хадичанын окуусу, жетишкендиктери жана ийгиликтерин сурап, өзүнүн чакан белегин тапшырды.

Аталган жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана «Умма» журналынын өкүлдөрү катышты.