Эрик ажы Молдокулов — Нарын облусунун казысы

Молдокулов Эрик Тыныбекович-1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун  Кочкор районунун Комсомол айылында туулган.

Билими:

2003-жылы Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебин бүтүрүп, 2004-жылы Кыргызстан Ислам университинин араб тили жана шарият факультетине тапшырып

2009-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Экинчи билим катары 2014-жылы  С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин Тарых факультетине тапшырып, 2019-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр;

2012-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;

2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас”  мечитинин имам-хатиби;

Үй-бүлөлүү: 4 баланын атасы

Араб, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт