Талас областтык казыятынын тарыхы

Талас облусунун тарыхынан

Биздин заманга чейинки  7 -8 кылымдарда Кытайдын Тан империясы Орто Азиянын кээ бир жерлерин басып тоногон. 749-жылы Кытайдын аскер башчысы Гао Сяньчжи Ташкентти басып алып, андагы Түрк башкаруучусу Мохедди өлтүргөн. Ошондо анын уулунун арызы себептүү жана Тараздагы отурукташып калган Араб гарнизонун коргоо максаты себептүү Халифанын наместниги Абу Муслим Кытайларга каршы Зияд бин Саалихти Йемендик атчандар аскер тобу менен  жөнөткөн.  Буларга мурда каршылаш болуп согушуп келген түрк уруулары да кошулган. Ошентип 751 – жылы Атлах шаарынын жанындагы (Азыркы Талас облусунун Покровка айылынын айланасы.) Талас дарыясынын алдында Араб жана түрк урууларынан куралган аскер тобу менен Кытай аскери беттешкен. Төрт күн бою эки тарап бири бирине тирешип туруп, бешинчи күнү дегенде катуу согуш башталып, күтүлбөгөн жерден Кытайлардын арт тарабынан Карлуктар сокку урган. Ошондо Кытай аскеринде баш аламандык пайда болуп, жүз миңге жакын жоокери кырылган. Калган аскери биротоло качып кетишкен. Тарыхчылардын айтуулары боюнча  бул согуш  кылымдар бою Кытайлардын бул жерлерге келбөөсүнө себеп болгон. Ошондуктан Кыргыз тарыхында бул окуя өтө маанилүү болуп саналат.

Талас областтык казыятынын тарыхы  

 Талас областтык казыяты расмий түрдө 12 – август  2003 жылы  дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан эсептик каттодон өткөн. Андан соң экинчи ирээт жаңы мыйзамга ылайык 4 – март  2009 жылы мамлекттик каттодон өтөт. Ошондой элде 21- май 2009 жылы Талас областтык адилет башкармалыгынан юридикалык каттоодон да өткөн. Совет доорунда алгач Талас облусу боюнча белгилүү Мамадалы кожо баш имам хатиб болуп иштеп турган.  Андан соң  1950-жылдары  Мубаширхан төрөдөн сабак алган Ороз молдо иштеди. Ороз молдодон кийин  Жээнкул молдо,  Бөкөлөй молдо, Канат молдо, Байыскул  молдо андан соң облус  боюнча 1988-жылдары Рысбек  молдо баш имам болуп эмгектенишкен. 1990-жылы Таалайбек ажы Бапиев баш имам  хатиб болуп иштеди. 1993-жылы облус боюнча  Доул молдо казы болуп иштеп, Таалайбек ажы Бапиев анын жардамчы болуп дайындалган. 1997-жылы Сатылган ажы облуска казы болуп дайындалып, ага Таалайбек  ажы Бапиев жана Надыр молдо жардамчы болуп иштеди. Сатылган ажы казы болуп турганда облус боюнча имамдардын квраталдык жыйындын үзгүлтүксүз уланып туруусуна  чоң салым кошту. Ошентип 2006-жылдын апрель айында облуска Таалайбек ажы Бапиев казы болуп дайындалып, учурда казылык милдетин аткарып үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

Казыяттын ишмердүүлүгү  

Талас областтык  мусулмандар казыяты өзүнүн КМДБ тарабынан бекитилип берген уставынын негизинде иш алып барат. Казыят облустун төрт  району жана бир шаарындагы жалпы 140  имам менен тыгыз иш алып барып, алар менен үч ай сайын кварталдык жыйын өткөрүп, анда облустагы жана айыл ичиндеги шариятка байланыштуу масалелелер карашат. Ошондой эле акыйда жана фикх маселелери боюнча имамдар арасында суроо-жооп иретинде сабактарды өткөрүп, КМДБ тарабынан уюштурулган семинарларга имамдар катышып келет. Учурда жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен имамдарга Таластагы «Али ибн Аби Толиб» медресесинде үч күндүк  жана бир апталык   семинарлар өткөрүлөт. Мунун бардыгы облустагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулууда. Ошондой эле КМДБ тарабынан келген фатва жана буйруктарды өз убагында имамдарга таратылып, алар  аркылуу элге жетүүдө. Мындан тышкары казыят облусттук администрация жана коопсуздук кызматкерлери менен ар түрдүү кооптуу экстремисттик уюмдарга каршы чара колдонууда кызматташып келүүдө. Учурда облустагы мечиттердин 60 пайызы жаңыланып, жалпысынан 140 имам, 140 мечит жана 4 медресе өз кызматын көрсөтүп келет.