Сулумбек ажы Узеналиев — Талас облусунун казысы

Узеналиев Сулумбек Дилдебекович 1977-жылдын  29-майында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

1983-1994-жылдары Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылындагы орто мектепти аяктаган.

1994-1998-жылдары Талас облусундагы «Али ибн Абу Толиб» медресесин бүтүргөн.

1998-2000-жылдары  Бишкек шаарындагы «Расул Акрам»  Ислам институтунун  шарият факультетин ийгиликтүү аяктап, 2004-жылга чейин Горган шаарында билимин жогорулаткан.

2012-2014-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинде магистр.

2019-жылдан тарта И. Арабаев атындагы КМУде аспирант.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

2004-жылдан бүгүнкү күнгө  чейин  Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим.

2021-жылдын 26-июнунда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бекитилген.

2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин имамдык кызматты аркалап келет

Үй-бүлөлү, эки уул, бир кыздын атасы.