Азирети Муфтий Түркиянын Кыргызстандагы элчилигин зыярат кылды

Бүгүн, 28-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигин зыярат кылып, анын алкагында Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кызматташуу, боордоштук мамилени күчтөндүрүү жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышып, мындан кийинки аткарыла турган иштер боюнча пикир алышты.

Андан соң Азирети Муфтий Түркия Республикасынын Элчисинин дин иштери боюнча кеңешчилигин зыярат кылып, Салих Сезик менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-түрк бир туугандык мамилелерин жана достугун бекемдөө,  бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча макулдашышты.