Кара-Суу райондук администрациясында коопсуздук боюнча жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 27-март күнү Кара-Суу райондук администрациясынын жыйындар залында аймакта кооптуу абалдарды болтурбоо максатында жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, Ош ОИИБдин ЭММКАКнын башчысы Жуманазар Орозбаев, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Уланбек Батыров, Кара-Суу районунун прокурору Эркингуль Урдалетова, КРнын УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы Бекзат Касымбеков, Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмонов, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, Кара-Суу районундагы эл көп топтолгон мекемелердин жетекчилери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана жалпы мечиттердин имамдары катышты.

Жыйында райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жыйынды уюштурган жалпы ички иштер бөлүмүнө ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду:

“Дин тармагында эмгектенип жаткан дин кызматкерлери баарыбыз колубуздан келишинче коопсуздук чараларын көрүүдөбүз. Мечиттер жана медреселер коомдук жай болгондуктан, аларга видео байкоо камераларын орнотуп, кээ бир мечиттерге жүздү таануучу камералар жайгаштырылды. Аны менен катар мечит-медреселерде жана жума баяндарда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ар кандай туура эмес түшүнүктөрдөн оолак болуу, адам өлтүрүнүн күнөөлөрү жана адам өмүрү баарынан кымбаттыгы боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Баш имам сөзүнүн акырында, “Улут, уруулар аралык ынтымак” жана “Жан – аманат” аталышында жума баяндарды жасоо боюнча Ош облусунун казысынын буйругу чыккандыгын айтып өттү.