Балыкчынын баш имам-хатиби «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аталыштагы форумга катышты

Бүгүн, 28-март күнү Балыкчы шаарынын маданият үйүндө «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аттуу форум болуп өттү. Аталган форумга КРнын ички иштер министрлигинен, Ысык-Көл облуссунун ички иштер башкармалыгынан өкүлдөр, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, калаа жетекчилери, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, мекеме жетекчилери, прокуратура кызматкерлери, студенттер, жаштар жана жалпы коомчулук катышты.

Жыйында катышуучуларга ыйман, ынтымак, биримдик боюнча айтылып, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча пикир алмашуулар болду. Форумда ички иштер кызматкерлери менен тыгыз иш алып барган жарандарга Балыкчы ШИИБи тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.

Айта кетсек, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери ушул темаларды чагылдырып, чакан сахналаштырылган спектакль көрсөтүлдү.