![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2024/03/60dd4f73-30fb-4f6e-9616-f122b248af89.jpeg)
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Аль-Худа” мечитинин имамы Мурадулла ажы Рамазанов башында турган тургундар 200 муктаж үй-бүлөгө ар бири 2200 сомдон турган Рамазан баштыкчаларын таратты.
Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 440 000 сомду түзүп, калктын аз камсыз болгон катмарына жеткирилип берилди.
Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров кайрымдуулук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн «Аль-Худа» мечитинин имамына жана жамаатына, ошондой эле жалпы Кара-Суу районундагы имамдарга ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралардын орозо айында кылынуусу менен өзгөчө мааниге ээ болорун баса белгиледи.
Эскерте кетсек, ушул эле мечит имамы кайрымдуу жамааты менен биргеликте орозо айынын башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин суммасы 1 542 000 сомду түзгөн ири кайрымдуулуктарды жасады.