Кожояр айылында жаш өспүрүм балдар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү

Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Кожояр айылында орозо айынын урматына жаш балдар арасында өспүрүмдөрдү Куран окууга, диний тарбияга, окууга кызыктыруу максатында Курандын он сүрөөсүнөн жана намаздагы дубалар боюнча конкурс өткөрүлдү. Конкурска катышкан балдарга жалпы байге 10 000 сомду түзгөн белектер ыйгарылды. Куран конкурсту Кожояр айылынын имамы Эрмек Абылкасымов өзү окуткан балдарынын арасында жарышты уюштурду.

Аталган саамалыкка калыс катары Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев жана Марс Осмонов чакырылган. Калыстардын чечими менен 1-орунду Улукбек Максат уулу, 2-орун Нурсултан Борончу уулу, ал эми 3-орунду Анарбек Чолпокул уулу ээледи.

«Бул биз үчүн жөнөкөй иш-чара болгону менен келечектеги өспүрүм балдар үчүн жашоосунда өтө чоң өзгөрүү болушу мүмкүн. Ошол себептен жаш балдардын келечегине кайдыгер карабастан, аларга бир стимул болушу үчүн ушул иш-чара болуп отурат, андыктан уюштуруучуларга ыраазычылык. Конкурс жемиштүү болуп, максатына жетсин, балдарыбыз илимдүү, билимдүү, ыймандуу болуп чоңоюшсун. Буйурса ушул сыяктуу конкурстарды калган айылдарга уюштуруп турсак жемишин берет деген ойдобуз», – деди райондун баш имам-хатиби.