“Умму Мухаммад” медресесинде мектеп программасы окутулууда

Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” медресесинде мектеп мугалимдери 10-11-класстын окуучуларына мектептин программасын окутуп жатат. Жыл сайын 11-классты бүткөн окуучуларга аттестат берилип, орто билимге ээ болушат. Ошондой эле ЖРТга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул боюнча аталган медресенин мүдүрү Кутман Орунбаев маалымдады.

Мүдүрдүн айтымында, бул медресе жыл башында 9-классты бүткөн окуучуларды кабыл алып, диний сабактарга кошумча мектеп программасын окутуп келет.