Бишкекте касапчыларга семинар уюштурулду

Бүгүн, 29-март күнү КМДБнын Халал продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаарында жайгашкан «Торо» ЖЧКнын касапчылары окутулду. Иш-чаранын негизги максаты касапчыларга адал жана арам эмне, малдын эти кандай учурда адал, кандай учурда арам болот деген сыяктуу маселелерди туура жеткирип, малды мууздоодо, союуда шариятка ылайык болуу шарты түшүндүрүлдү. Союлган мал адал болушу үчүн динде кандай талаптар бар экендиги жана малды мууздодогу шарттардын сакталышы керектиги туурасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары кандай жандык адал, кандай жандыкты жегенге болбошу туурасында маалымат берилди. Семинарды КМДБнын халал продукцияларды сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу өтүп, касапчылардын суроолоруна жооп берди.

«Сиздерде чоң жоопкерчилик бар. Элди адал эт менен камсыздоодо түздөн-түз тиешеңиздер бар. Ошондуктан малды шариятка ылайык туура мууздап союу керек экенин мыкты билишиңиздер керек», – деди бөлүм башчы өз сөзүндө.

Айта кетсек, семинар халал сертификатын алуудагы талаптардын негизинде өткөрүлүп, касапчылардын шариятка ылайык мал союу боюнча түшүнүгү жогорулады.