Алибек ажы Батыралиев: «Ислам дини боорукерликтин үстүнө курулган»

Жалал-Абад медициналык коллежинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу боюнча студенттер менен жолугушуу болуп, адистер тарабынан экстремизм жана терроризм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жолугушууга Жалал-Абад ОИИБнын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери, милициянын полковниги Урмат Калдаров, Жалал-Абад облустук дин комиссиясынын өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев катышып, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, “Ислам — бул тынчтыктын дини. Адамдардын тынчын бузган, ар кандай баш аламандыкты уюштурган жана ага чакырык жасаган экстремисттер эч кандай исламга таандык эмес. Ислам дини боорукерликтин, ырайымдуулуктун үстүнө курулган. Эң эле жөнөкөй мисалды ала турган болсок, эки адамдын амандашуусу. “Ассалоому алейкум” деген сөздүн өзүндө Аллахтын тынчтыгын сурап бири-бири менен амандашып сурашканы. Дагы бир мисалды ала турган болсок, “Аль-фатиха” сүрөсүндөгү алгачкы аяттардын маанисинде да боорукердик жана тынчтык жөнүндө айтылат. Демек биз адашып калуудан этият болууну кааласак, терең окуп, талыкпай билим алуубуз шарт. Билим гана бизди караңгылыктан, адашуудан сактайт. Ошондуктан агай-эжейлердин айткандарына көңүл буруп туура жашоого, татыктуу билим алууга умтулгула», — деди.