Бакыт ажы Кайкиев: «Ар кандай терс иштерге күбө болуп калсак, ошону жапа-тырмак токтотолу»

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Түп айылындагы маданият үйүндө Түп РИИБдин уюштуруусу менен «Коопсуз өлкө — туруктуу келечек» аталышындагы форум болуп өттү. Аталган форумга Түп райондук администрация башчысы-акимдин орун басары Эрмекан Дюшебаева, РИИБдин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу, милициянын подполковниги Тилек Канатбеков, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Расул Кубандыков, Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев, айыл аксакалдары, активисттер, мугалимдер катышты. Жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ынтымак, биримдик, коомчулуктагы терс көрүнүштөргө биримдик менен каршы туруу боюнча баяндамалар жасалды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Силердин кимиңер бир жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн, ага күчү жетпесе сөзү менен, ага да күчү жетпесе, анда жүрөгү менен жек көрсүн» деген. Демек туугандар, эл арасында ар кандай терс, жаман иштерге күбө болуп калсак, ошону жапа-тырмак биримдикте токтотууга аракет кылышыбыз кажет. Ушул форумдун максаты да коомдогу укук бузуулардын алдын алуу болуп турат. Жыйыныбыз максатына жетип, элибизде тынчтык, өнүгүү болсун», — деди райондун баш имам-хатиби баяндамасында.