Кара-Суу районунда «Зомбулуксуз үй-бүлө» аталышында жөө жүрүш өттү

Кечээ, 28-март күнү Ош облусунун Кара-Суу РИИБинин Коомдук коопсуз кызматы тарабынан Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Зомбулуксуз үй-бүлө” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү”  Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепциясын бекитүү жөнүндөгү” токтомунун, Кыргыз Республикасынын ИИМдин  “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндө” буйругунун негизинде үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана ага бөгөт коюу, коомдо резонанс жараткан учурлар боюнча тийиштүү иш-чараларды күчөтүү жана Ош ОИИБдин талаптарын аткаруу максатында Кара-Суу РИИБдин буйругу чыгарылып, тийиштүү кызматтар менен биргеликте “жөө жүрүш” акциясын коомчулукка билдиришип, ар бир үй-бүлөнү зомбулуксуз үй-бүлө жашоого үгүттөө иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Кара-Суу районунун коомдук алдын алуу борборунун кызматкерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Кара-Суу районунун жалпы дарыгердик практикалар  борборунун башчылары, Кара-Суу райондукк маданият үйүнүн кызматкерлери жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров баштаган  мечит имамдары катышты.