Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында ишембилик өтүп, мечитти жашылдандыруу иштери болду

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагынын Подгорный айылындагы «Жуманакун уулу Догдурбай» атындагы мечитинде ишембилик уюштурулуп, жашылдандыруу үчүн ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Көчөттөргө жергиликтүү айыл тургуну демөөрчү болуп, Тяншань каргайынан 26 даана, көк карагайдан 8, туя багынан 20, сосна 4 түп болуп, жалпы 58 даана көчөт отургузулду. Айыл имамы Догдурбай Алыбаев демөөрчүгө ыразычылыгын айтып:

«Бак отургузуу — бул  уланып турган садага. Жараткан Алла Таала кылган ишиңизди, жакшы амалдардын арасында кабыл кылып, ыраазы болсун. Мечитти кандай көрктүү кылсаңыз, өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү көркөм адептүү, ден соолугу чың, илим-билим ээси, бекем ыймандуу адамдардан кылсын», — деп айыл имамы дубасын берди.