Чолпон-Ата шаарында имамга умра сапарына жолдомо берилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарындагы «Пайгамбарыбыз мухаммад (с.а.в.)» мечитинин мамы Абыл Асановго мечиттин жамааты орозо айында ыйык умра сапарына жолдомо белек кылышты. Мечит имамы шаар тургундарынын диний билимин жогорулатууга, ар кандай маселелерине жооп алууга, жаштардын туура тарбиялануусуна кошкон ат көтөргүс кызматын мечит жамааты баалап, ыраазычылык катарында жолдомону беришти. 

Өз кезегинде имам элдин берген белегине, көрсөткөн сыйына ыраазы болуп, рахматын айтты:

«Урматтуу жамаат, силердин бул кылган ишиңер өтө сыймыктуу, үлгүлүү иш болуп турат. Сизедерге Кудай Таалам ыраазы болсун, тапкандарыңарга береке берсин. Ынтымагыбыз мындан да бекем болуп, сооптуу иштерди бирге көп аткара берели», — деп Абыл Асанов жамаатка ыраазы болуп, тилегин айтты.