Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби эт комбинатынын ачылышына катышты

Балыкчы шаарындагы жаңы салынган эт комбинатынын техникалык ачылыш аземи болуп, ага калаа мэри Азамат Арнабек уулу, кеңештин төрагасы  Жакшылык Абдыразаков жана шаардын баш имам-хатиби  Чойбек ажы Исакунов шаардык катышты.

Коноктор комбинаттын ишине ийгилик каалап, иштөө техникасы менен таанышып чыгышып, тилектерин айтышты. Баш имам-хатиб Чойбек ажы комбинаттын жетекчилигине КМДБнын Халал продукцияларды жана кызматтарды сертификациялоо бөлүмү менен байланышып, сертификатын алууну сунуштады.

Иш-чарада Куран окулуп, биринчи курмандыгы чалынып, ишканада кырсыгы жок аман-эсен иш алып барышына дуба кылынды.