Ноокатта жалпы диний кызматкерлерге «Динде аша чабуунун кесепеттери» аттуу жыйын болуп өттү

Ош облусунун Ноокат райондук администрациясынын жыйындар залында Ноокат районундагы жума мечиттердин, мечиттердин имамдарына жана медресе жетекчилерине «динде аша чабуунун зыяндар» аталышында жыйын болуп өттү.

Ага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облустук казыятынын кызматкерлери Алибек ажы Жусупов, РИИБдин жетекчисинин орун басары Алмазбек Исраилов, КР УКМКнын Ноокат райондук бөлүмүнүн кызматкери жана Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров катышып, өз баяндамаларын жасашты.

Алибек ажы Жусупов дин эркиндигин кадырлоо, берилген жакшылыктын кадырына жетүү боюнча сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Мамлекетибиз дин эркиндигин берип, укуктарыбызды сактап бергендигин аңдап, түшүнөлү жана кадырлайлы. Жараткан Алла Таала «Шүгүр кылсаңыр арттырып беремин» деп убада кылган. Берилген дин эркиндигин туура пайдаланып, чектен ашпай амалдарыбызды аткаралы».