Чүйдө айлана-чөйрөнү тазалоо иштери уланууда

Чүй облусунун аймактарында КМДБнын № 75 сандуу буйругунун негизинде мечиттердин  имамдары жана диний окуу жайлардын мугалимдеринин  демилгелери менен жер-жерлерде мечиттердин айланалары, коомдук жайлар, борбордук көчөлөр тазаланып, бак-дарактар отургузулууда.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» демекчи, динибизде тазалыктын орду чоң экендиги айдан ачык. Мына ошондуктан өзүбүз дагы таза болуп, айлана-чөйрөбүздү да таза кармоого милдеттүүбүз», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.