Токмокто 40 үй-бүлөгө жардам тапшырылды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Нурислам» мечитинин имамдын жана жамаатынын демилгеси менен 40 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

«Аллах Таала ыйык Куранда «Жакшылыктын сыйлыгы бир гана жакшылык» деп белгилеген. Албетте бул айда жасалган жакшылыктардын кайтарымы эселеп-эселеп кайтат. Ким кандай гана жакшы иш кылбасын, анын сыйлыгын сөзсүз алат», — деп билдирди баш имам-хатиб Имиржан ажы Касымов.