Бекназар ажы Жапаров: «Жакшылыкта жарышууга аракеттенели»

Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарындагы «Абилазхан Төрө» жума мечитинин имамы жана жергиликтү эл тарабынан кайрымдуулук уюштурулду. Аталган сааламлыкка райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров, хатибият кызматкерлери жана мечит имамы Мухаммадсыдык Марипов баш болгон жамаат катышып, Ноокат шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана көп балалуу муктаждарга таратылып берилди.

«Кудай Таала Куран-и Каримде: «Жакшылык жана такыбалыкта (бири-бириңерге) жардамдашкыла!» деп, жакшы амалдарда, сооптуу иштерде бири-бирибизге көмөктөшүүгө чакырат. Ошондой эле жасалган кичине иштерге сообу эселенип берилчү улуу айда турабыз. Алла Таала баарыбызга ийгилик берсин, кайрымдуулукка салым кошкондордун колун ачык кылып, убада кылынган жакшылыктар насип кылсын», – деди Бекназар ажы Жапаров.