Кара-Сууда 823 миң сомдук кайрымдуулук кылынды

Ош облусунуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Сармазар» мечитинин имам хатиби Рахимжан Нишановдун демилгеси менен Рамазан айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 625 миң сомдук кайрымдуулук уюштурулду.

Аталган айыл аймакта жайгашкан «Бабалашкар» мечитинин имам-хатиби Шукурулла Машраповдун демилгеси менен 100 миң сомдук, «Мирзалимбай» мечитинин имам-хатиби Мусажан Усмановдун демилгеси менен 65 миң сомдук, «Абдуллах ибн Масуд» мечитинин имам-хатиби Хатам Юсупжановдун демилгеси менен 23 миң сомдук кайрымдуулук кылынды.

Жардам баштыкчасында ун, эт, май, күрүч, макарон, гречка, курма, кум шекер, чай, туз жана башка керектүү азыктар камтылган. Жалпылап алганда, аталган мечиттердин жамааты тарабынан 338 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 823 миң сомдук кайрымдуулук кылынды.

«Аллах Таала Бакара сүрөсүнүн 261-аятында, «Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы ар бир машагында жүздөн даны болгон жети машакты (сабакты) өндүрүп чыгарган бир даана (урук) данга окшойт. Аллах каалаган пендесине көбөйтүп берет. Аллах Кең, Билүүчү Зат» деп айткан. Бул кереметтүү аятта Аллах жолунда байлыгын садака кылган адамдар үчүн жети жүз сооп берилиши айтылды. Кайрымдуулук кылган адамдардын мал-дүйнөсүнө Аллах берекет берсин. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Жакшылыкка далаалат кылуучу адам жакшылыкты кылган сыяктуу» деп айткан. Рамазан айында адамдарды муктаждарга жардам берүүгө, кайрымдуулукка, берешендикке чакырган имам-хатибдерге, дин кызматкерлерине Жараткан Аллах эки дүйнө бактылуулугун берсин», – деди Абдирашит ажы Батыров.