Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Динибиз үй-бүлөгө көңүл бурууну буйруган»

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, ага облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков жана КР ДИМКнын Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмүрзак уулу катышып, бир катар маселелерге токтолушту:

— Үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн баяндамаларды байма-бай жасоо;

— Облус аймагындагы мечиттерди каттоодон өткөрүү;

— Кадыр түндө элди ынтымак жана биримдикке үндөө;

— Орозо айтты жогорку деңгээлде өткөрүү жана фитир-садакаларды таратуу. «Жараткан зат Өзүнүн мээримдүүлүгү менен инсандарга чексиз жакшылыктарды тартуулаган. Ошол жакшылыктардын арасында бизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун деп үй-бүлөнү ыраа көргөн. Үй-бүлө ата-эне, эрди-катын, бала-чака жана бир туугандардан куралат. Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет, инсанга эң баалуу нерсе – бул анын үй-бүлөсү. Динибиз үй-бүлөгө көңүл бурууну, аларга жумшактык, жакшылык менен мамиле кылууну буйруган. Ошондуктан биз үй-бүлө баалуулуктары боюнча элге түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туралы», – деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.